2022-жылдын долбоору боюнча коомдук угуунун протоколу жана КБУну  өткөрүүнүн  жыйынтыктары  боюнча  эскертүүлөрдүн  жана  сунуштарды  эске  алуу  матрицасы

Кызыл-Октябрь  айылөкмөтүнүн  2022-жылдын бюджетинин долбоору боюнча  коомдук  бюджеттик  угуунун  протоколу жана КБУну  өткөрүүнүн  жыйынтыктары  боюнча  эскертүүлөрдүн  жана  сунуштарды  эске  алуу  матрицасы

2021жыл  23-июнь                                                                     Кызыл-Октябрь айылы

Коомдук угунун  күн  тартиби: 2022-жылдын бюджетинин  долбоору  боюнча  маалымат

берүү

2022- жылдын  бюджетинин  долбоорун  талкулоо

Сунуш, суроолорго  жооп  берүү

Коомдук  угуунун  баштоо  убакыты: 14.30

Коомдук  угуунун  аяктоо   убакыты:  16.30

 

Коомдук  угуунун  төрагасы: Кочоров Э.М.

Коомдук угуунун  катчысы:   Курманалиева Г.Ш.

 

Коомдук угууга  катышкан  тургундардын  саны: 79 адам

Анын ичинен аялдар  31адам

 

Коомдук угуунун күн тартиби:

 

Саат                                           Аталышы                                             Жоопкерчиликтүү

14:30-15:00                      Катышучуларды  каттоо                                        Казиева Э.А.

Каипова Д.

 

15:00-15:05                       Коомдук угууну ачуу                                            Асанов Т.А.

15:05-15:15                       Коомдук угуунут  алкулоо,

күн тартибин бекитүү, регламенттин

убактысын сактоо                                                 Кочоров Э.М.

15:15-15:30                        2022-жылдын  бюджетинин долбоорун

презентациялоо                                                    Мадиева Г.Ж.

15:30-16-20                        Суроо жооп, талкулоо

сунуштар кагазын толтуруу                                  Казиева Э.

16:20-16-30                        Жыйынтык  чыгаруу                                             Асанов Т.А.

 

Кочоров Э.М. Коомдук угуунун төрагасы: Саламатсынарбы бүгүнкү коомдук угунун катышуучулары, коомдук угуунун өткөрүү тартиби, регламенти, максаты менен тааныштырып, коомдук угууну ачуу жаны шайланып келген айыл өкмөт башчысы Т.А.Асановго сөз  берилди.

Коомдук угууну айыл өкмөт башчысы Т.А.Асанов катышуучуларга саламдашуу менен ачып, бүгүнкү мамлекеттик жана муниципалдык күнү майрамыныздар менен куттуктап, 2022-жылдын бюджетинин долбооруу  боюнча талкулоого  активдүү  катышууга чакырды.

Кочоров Э.М. Күн тартип боюнча кийинки маселеге  2022-жылдын коомдук угуунун долбоорун  презентациялоо  боюнча айыл өкмөтүнүн  КЭБ  башчысы Г.Мадиевага сөз берди:

 

МадиеваГ. Саламатсыздарбы, 2017-жылы  жаӊы  Бюджеттик  Кодекс  кирген, Бюджеттик Кодекс  боюнча кийинки жылдын бюджетин  1-августка  чейин коомдук угууга коюп, талкуулап анан бекитишибиз керек. Биз  2022-жылдын бюджеттинин долбоорун даярдадык, айыл башчылары, мектеп, бала бакча башчылары  ар бир айылдын кошумча, алымчаларынарды киргизип, сын-пикирлерди жазып берсенер,  ошолорду эске алып анан бекитебиз. Бюджеттибиз  слайд  менен даярдаганбыз, ошону сиздерге көрсөтүп  берсек:

Кызыл-Октябрь  айыл өкмөтүнүн 2022-жылга  түзүлгөн бюджетинин кирешелер бөлүгүнүн долбоору айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча маалыматтарынын, райондук салык инспекциясынын, райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгынын жана мамлекеттик  автоинспекция  сыяктуу мамлекеттик мекемелердин маалымат базасынын негизинде иштелип  чыккан.

2022-жылга  Кызыл-Октябрь  айыл өкмөтүнүн кирешесинин долбоору-90млн.395,3 мин  сомду түзөт, анын ичинен

Мамлекеттик  салыктар-5200,0 миӊ сом 5,8%, жергиликтүү салыктар-5846,1 миӊ сом 6,5%, салык эмес кирешелер-79349,2 миӊ сом  87,8%. 2022-жылы киреше салыгы (подоходный налог) 100% пайызы жергиликтүү бюджетке түшөт. Жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүү жана күтүү чегерүүлөрдөн  2021-жылга  салыштырмалуу кен  казып  алуучу  ишканалардан  көбүрөөк  түшөт.

Бюджеттин чыгашаларын аныктоого мурунку жылдардын экономикалык абалы, инфляция  процессии коомчулуктун  артыкчылык тары эске  алынды.

2022-жылга  бюджеттин долбоорунун чыгаша бөлүгү-90млн 395,3миӊсом  көлөмүндө аныкталды. Чыгашалар негизинен төмөнкү сфераларга багытталган: билим берүү – 31млн 245,1 мин сом (жалпы чыгашалардын 34,6%), айыл өкмөттү кармоого жергиликтүү башкаруу органдарын тейлөө – 30 млн. 781,0 мин сом (жалпы чыгашалардын 34,1%), социалдык камсыздандыруу – 2 млн 289,0 мин сом (жалпы чыгашалардын 2,5%), маданият жана спорт –2млн915,0 мин сом (жалпы чыгашалардын 3,2%),жарандык  коргоо жана  өзгөчү  кырдаалдар  боюнча-269,4 мин.сом.(жалпы  чыгашалардын 0,3%), экономикалык маселелер (жайыт комитети)-354,0 мин.сом.(жалпы  чыгашалардын 0,4%), туракжай  жана  коммуналдык чарбасы -22541,8 мин.сом.(жалпы  чыгашалардын 24,9%).

Жалпы эмгек  акыга 5516,2 мин  сом  (6,1%), социалдык  фондко  взностор 875,5 мин сом (1,0%), транспорттук чыгымдар 1536,6 мин сом (1,7%), калкка  социалдык  жардамдар 2289,0 мин сом (2,5%), коммуналдык  кызматтар 3233,1 мин сом(3,6%), мүлктүү убагында  ондоого 460,0 мин сом (0,5%), тамак-аш  сатып  алуу 2568,1 мин сом (2,8%), башка  чыгашалар 5323,4 мин сом (5,9%), капиталдык ондоо, куруу, жабдыктар66153,1 мин сом (73,2%), кызматтык сапар чыгымдары 432,3 мин сом (0,5%), резервдик фонд 883,0 мин сом (1%). Сметчиктин, технадзордун, проект чийдирген  кызматтарга  жана  архитектурага кеткен  чыгымдарга көбүрөөк  каралды  анткени  бизде  капиталдык  ондоо, куруулар бар.

Негизинен  Кызыл-Октябрь  айыл  өкмөтүнүн  2022-жылга  карата долбоору  ушундай. Баарыныздарга  2022-жылдын  бюджетинин  долбоору  таркатылган, суроолорунуздар  болсо  жооп  берейин.

И.Токсонов Сазбулак айылынын тургуну, таза суу жана суугат суу боюнча чечип берсенер. Суу жетишпей, жерлер кураб  жатат.

Б.Кайырбаева Кызыл-Октябрь айылынын Шаповалов көчөсүнүн тургуну, таза суу боюнча кайрылып кетейин  дегем, андан тышкары кичи базар ачсак жакшы болот эле. Жашылча алуу үчүн Кемин шаарына барабыз. Өзүбүздүкү болсо, бир чети жумуш орун, бир чети элге дагы кызмат болмок. Тегеректеги мусорлорду тазалоо боюнча сунуштайт элем жана ошондой эле балдар ойногон  аянтча  куруп берүүнөрдү суранабыз.

О.Алиев Чоголдок-Талгар АВП башчысы Суугат суу  боюнча  чечип берсенер, дагы менин бир сунушум бар эле АВПны айыл өкмөтүнүн карамагына өткөрүп  берсенер жакшы болмок.

А.Атабаев Ак-Бекет  айылынын тургуну Таза суу боюнча чечип бериниздер. Фермерлердин талаага барчу  жолдору  абдан начар болуп  трактор машиналар кире албай жатат  эгин чөптөрдү  талаадан  аран чыгарып жатабыз, жолдорду  түздөп, шагыл төгүп берсениздер.

Э.Иманов аймактык инспектор Элдердин коопсуздугу үчүн  9 айылга  2-3 төн видеокамера  коюп берсенер деп сунуш киргизет элем. Болжолдуу сметасы бар.

У.Барбаков Кызыл-Октябрь айылынын  квартал башчысы; Шаповалова көчөсүнө  аягына чейин асфальт  төшөп берсениздер, жаны салынган асфальт  жолдорго  лотокторду орнотуу, антпесе суу агызып жууп жатат. Көл Жээги менен Султанов көчөсүнүн ортосунан жол ачып берсениздер. Дагы менин сунушум айыл өкмөтүнүн  имараты жоктугуна байланыштуу  жаны  имарат салынса, маданият үйүн  жаштар комитетине жана башка ийримдерди ачканга  берилсе жакшы болмок. МТСке кошумча  ЮТО  тракторун  алып берсенер деген элдин сунуштары бар.

Абдысалиев Т. Ак-Бекет айылынын айыл башчысы: Ак-Бекет мектебинин жанына күнөскана салууга  акча каражат бөлүп берсенер, Маданият үйүнүн артын тегерегин тосуп эс алуу парк  кылууга, дагы жаракаларды оңдоп жана тепкичтерге  перила коюш керек. Ак-Бекет айылындагы бала бакчаны  кенейтүү  абдан  зарыл, себеби 40 бала  кезекте турат. Фермерлер талаага барчу жолдолду  түздөп, шагыл төгүп берсениздер.

Мектептин астындагы арыктарга  лоток коюш керек болуп жатат, суу ашып  брусчатканы каптап жатат, актовый залдын  отургучтары сынып жараксыз  болуп калды  жаны  отургучтарды алып берсениздер, мектептин ички  даараткасын  ондоо мектептен  келген кайлуу каттар да бар.

 

Т.Калыгулов Кызыл-Октябрь айылынын тургуну эң биринчи көйгөй таза суу, кээ бир көчөлөрдө суу акпай жатат, оңдотуп берсеңиздер. Кызыл-Октябрь айыл тургундарынын атынан кайрылат элем маршрутка жүргүзүү боюнча маселени чечип берсениздер.

 

А. Усупова Кызыл-Октябрь орто мектебинин  завхозу; Кызыл-Октябрь орто мектебине келерки 2022 жылдын бюджетине  10 даана компьютер, кенже  класстарга 40 даана  парта, орто класстарга 40 даана парта, китеп койгонго 20 даана шкаф жана  китепканага стеллаж, мурдагы мастерской  классын ремонт кылып китепкананы ошол жака көчүрсөк  дегенбиз жана мектептин фоесин ремонттоп  берсениздер  жакшы  болот  эле.

 

О.Иващенко Кызыл-Октябрь орто мектебинин директору Мурдагы  чакырылыштагы депутаттарга да рахмат мектептин чатырын алмаштырып жатабыз, ички дарааткана ондолот, көмүр кана  салынып котельный ондолуп жатат, дагы эле бизде  актовый залда отургучтар жок, компьютерлер, парталар  жетишпейт. Спорт площадкабызды ирээтке келтирип  кум, сиянит  төктүрүп  берсениздер жакшы болмок.

 

Расул уулу Нурлан Жаштар  комитетинин  атынан кайрылып жатам, Кызыл-Октябрь айылына спорт комплекс салып бересенер, кагаз түрүндө кайрылганбыз, жооп күтүп жатабыз.

 

Б.Соромбаев  Кашкелен айылынын мүрзөсүнө контейнер коюп берсенер, склад кылганы, ортодогу боз үйдүн  жабдуусу  пандемия учурунда  жана  иштеп жаткан  подрядчыларга тигип  күнгө күйүп  калган ошону жаныртып  берсениздер.

Б. Жунушалиев Ударник айылынын тургуну боз үйгө идиштерин жаныртканы каражат карап берсенер, контейнер алып берсенер склад кылганы.

Осмонова К. Жел-Арык, Чолок, Кыз-Куйоо  айылдарынын айыл башчысы;  Жел-Арык айылындагы батышындагы Нац.парктын жеринин башын  ачып жаштарга үй курууга  бөлүп берсениздер,балдар чонойуп жатат, муктаж болгон үй бүлөлөргө жер,  үй бөлүп берсенер деп сунуштайт элем.

Мусакеева А. Джел-Арык айылындагы бала бакчага актовый зал  куруп берсениздер  жакшы  болот  эле.

Баймуратова Д. Талапка ылайык  промышленный кир жууган машинка жана  сушилка керек, бала бакчанын  чатырындагы сынык шиферлерди  алмаштырып  берсениздер.

 

Э.М.Кочоров Бүгүнкү 2022-жылдын бюджетинин долбоору боюнча  коомдук угууда түшкөн  суроо сунуштарынардын баарын кабыл алдык, жакынкы  сессияда  талкууланат, абдан  көйгөйлүү  маселелер   2022-жылдын  бюджетине киргизилет.

 

2022-жылга      сунуштар  баракчасынан 58  сунуш  түштү:

 

1.Кыз Күйөө  айылына ичкен суу  түтүктөрүн оӊдоо

2.Кыз Күйөө  айылынын балдар аянтчасынын артын тосуу

  1. Кыз Күйөө айылындагы жолдорду ондоо, мал өткөнгө көпүрө куруу
  2. Кыз Күйөө айылына  теннис ойногонго жер
  3. Сазбулак айылынын жолдорун грейдирлөө, гравий төшөө
  4. Сазбулак айылына суу сактагыч БСР куруу
  5. Сазбулак айылына ичкен суу түтүктөрүн оӊдоо
  6. Дорожный айылындагы   маданият үйүнүн астына брусчатка төшөө,тегерек четин тосуу, терезелерине решетка орнотуу.
  7. Дорожный, айылдарына   акыр чикир салганга    ящик орнотуу
  8. Дорожный айылына бала бакча куруу
  9. Дорожный айылына кичи  футбол  талаасын куруу
  10. Дорожный айылынын жаны көчөсүнө таза суу жана  жол  салуу

13.Дорожный айылынын жолун  асфальтоо, грейдирлөө

  1. Дорожный айылына ичкен суу түтүктөрүн, сугат суу каналдарын ондоо
  2. Баардык айылдарга видеокамера орнотуу
  3. Баардык айылдарга жашылдандыруу, арыктарды  тазалоо
  4. Кашкелен айылына соода түйүнүн ачуу
  5. Кашкелен айылына башталгыч мектеп куруу
  6. Кашкелен айылындагы жолдордорун асфальтоо, тратуар салуу
  7. Кашкелен айылындагы кичи цехтерди куруу (швея)
  8. Кашкелен айылындагы сугат суу каналдарын, БСРди тазалоо, таза суу маселеси
  9. Кашкелен айылына бала бакча салынып бүтсө, ички жабдууларын  сатып  берүү
  10. Кашкелен айылына күнөскана салуу
  11. Жел-Арык,Чолок айылдарына таштанды  челектерин орнотуу
  12. Жел-Арык айылына ФАП куруу

26.Жел-Арык айылындагы  таза сууга  резервуар  куруу

  1. Жел-Арык айылындагы батышындагы Нац.парктын жеринин башын ачып жаштарга үй курууга бөлүп берсениздер
  2. Жел-Арык айылындагы бала бакчага актовый зал куруу
  3. Ак-Бекет айылына мончо куруу

30.Ак-Бекет  айылындагы  бала  бакчага  жаны корпус  салуу

  1. Ак-Бекет айылындагы мектептин ички дараатканасын  ондоо

32.Ак-Бекет  айылындагы  жолдордуу асфальтоо

  1. Ак-Бекет айылындагы дыйкан чарба, фермерлер  бара  турган  жолдорду  ондоо жана таза суу маселеси.

34.Ак-Бекет  маданият үйүнө кондиционер 5даана, 21 терезеге жалюзи

  1. Тогуз айылга чоӊ боз үй жасалгасы менен жасап бериниздер
  2. Ак-Бекет айылындагы маданият үйүнүн артындагы парктын  тегерегин  тосуу, сугат  суу  менен  камсыз  кылууга каражат
  3. Кызыл-Октябрь орто мектебине 10 компьютер, кичи класстарга 40 даана парта отургучу менен, ашканага идиш аяк, ашпозчуларга форма, класстарга китеп коюлучу 20 даана шкаф

38.Кызыл-Октябрь айылына  спорт комплекс куруу

39.Кызыл-Октябрь айылындагы балдар аянчасын  оӊдоо дагы кошумча  балдар ойногон  жабдууларды алуу.

  1. Жаны үйлөнгөндөргө квартира салып берүү
  2. Кызыл-Октябрь айылындагы таза суу түтүктөрүн жана сугат суу каналдарын оӊдоо
  3. Кызыл-Октябрь айылындагы Көл Жээги менен Султанов көчөсүнүн ортосунан жол ачуу
  4. Кызыл-Октябрь-Кемин маршруткасын жүргүзүү
  5. Ак-Оргөө көчөсүнө балдар аянчасын куруу
  6. Кызыл-Октябрь айылындагы асфальт жолдордун жээгине лоток арыгын салуу
  7. Мектептин спорт площадкаларын  ондоо
  8. Ударник айылындагы Садовый көчөсүндөгү жолду кенейтүү, лотокторду орнотуу
  9. Ударник айылына таза суу жетпеген жерлерге киргизүү, суу сактагычты ондоо
  10. Ударник айылына жол знактарын орнотуп берүү
  11. Ударник айылына склад катары 40 тонналык контейнер алып берүү
  12. Ударник айылындагы трансформатордун тегерегин, мүрзөөнү тосуу
  13. Кызыл-Октябрь ФАПка жылытуу системасын киргизүү, стол, шкаф сатып берүү, душ, ичине туалет, кир жууган машинка, беш айылга барганга күйүүчү май.
  14. Кызыл-Октябрь жана Ак-Бекет мектептеринин актовый залына жумшак отургучтарды сатып берүү.
  15. Кызыл-Октябрь айылындагы Султанова Т. көчөсүндө таза суу чыкпай жатат жана арыктарга лоток салуу.
  16. Кызыл-Октябрь айылына айыл өкмөтүнүн имаратын салуу.
  17. Кызыл-Октябрь айылындагы жолго чыгып кеткен сарайларды, навестерди жер адиси жана Госрегистр менен биргеликте чечип берүү
  18. Кызыл-Октябрь МТСке жер айдаганга ЮТО тракторун алып берүү
  19. Кызыл-Октябрь айылындагы Шаповалова көчөсүн аягына чейин асфальтоо, балдар аянчасы, жер жемиштерди сатканга соода түйүнүн ачуу, суу түтүктөрүн ондоо, таштандыга бак орнотуу, парикмахер, бут кийим ондоочу жай, тигүүчү цехтерди ачуу, жалгыз бой кары адамдарга жардам берүү.

Мадиева Г.Ж. Жалпы сунуштардын саны 58, кайталанма сунуштарды бириктиргенде 35 сунуш болду,  Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн бюджети  менен www.gb.minfin.kg
сайтынан  таанышсаныздар болот.

Асанов Т.А. Коомдук  угууга  катышканыӊыздарга  чон  рахмат, бардык  түшкөн  сунуштарыӊыздар  протоколго  киргизилип, 2022-жылдын  бюджетин  бекитээрде айылдык  кенештин  депутаттарынын  сессиясына  сунушталат.

 

Кочоров Э.М.  Баарыныздарга чон рахмат, ушуну менен  бүгүнкү  коомдук угуу боюнча  жыйын  жабык деп жарыялайм.

 

 

 

Коомдук  угуунун  төрагасы:                                                                       Кочоров Э.М.

 

Коомдук  угуунун  катчысы:                                                                        Курманалиева Г.Ш.

 

 

КБУну  өткөрүүнүн  жыйынтыктары  боюнча  эскертүүлөрдүн  жана  сунуштарды  эске  алуу  матрицасы

Эскетүүлөр, сунуштар жана сунуштамалар Эскертүүнүн (сунуштун) мазмуну Карап  чыгуунун  жыйынтыктары (негиздеме  менен эсепке  алынды /четке  кагылды)
1

 

Кыз Күйөө  айылына ичкен суу  түтүктөрүн оӊдоо суу  түтүктөрүн оӊдоо Эсепке алынды
2 Кыз Күйөө  айылынын балдар аянтчасынын артын тосуу Балдар аянтчасынын артын тосуу Эсепке алынды
3 Кыз  Күйөө айылындагы жолдорду ондоо, мал өткөнгө көпүрө  куруу Жолдорун грейдер менен түзөлөт. Эсепке алынды
4 Кыз  Күйөө  айылына  теннис ойногонго жер Теннис ойногон складдын биринчи башын ачуу Четке  кагылды
5 Сазбулак айылынын жолдорун грейдирлөө, гравий төшөө Сазбулак айылынын жолдору  грейдер  менен  түздөө Эсепке алынды
6 Сазбулак   айылына  суу сактагыч БСР куруу Суу сактагыч БСР курууга Четке  кагылды
7 Сазбулак айылына ичкен суу  түтүктөрүн оӊдоо суу  түтүктөрүн оӊдоо Эсепке алынды
8 Дорожный  айылындагы   маданият үйүнүн астына брусчатка төшөө,тегерек четин тосуу, терезелерине решетка орнотуу.

 

Брусчатка төшөө,тегерек четин тосуу, терезелерине решетка орнотуу 2023-жылга калтырылды. Четке  кагылды
9 Дорожный,  айылдарына   акыр чикир салганга    ящик орнотуу

 

Темирден контейнер орнотуу, бир айда бир элдердин үйүн кыдырып акыр чикир чыгарууну уюштуруу Эсепке алынды
10 Дорожный айылына бала бакча куруу Бала бакча курууга балдардын саны аз. Четке  кагылды
11 Дорожный   айылына  кичи  футбол  талаасын куруу Кичи футбол аянчасы Жел-Арыкайылында бар, Дорожный айылынын калкы аз. Четке  кагылды
12 Дорожный айылынын жаны  көчөсүнө таза суу  жана  жол  салуу

 

Жаны  көчөсүнө таза суу  жана  жол  салуу. Эсепке алынды
13 Дорожный айылынын жолун  асфальтоо, грейдирлөө Жолдорун грейдер менен түзөлөт. Эсепке алынды
14 Дорожный айылына ичкен суу  түтүктөрүн, сугат суу каналдарын ондоо Ичкен суу  түтүктөрүн  Асфальт бетон заводуна караштуу, сугат суу каналдарын ондоо Четке  кагылды
15 Баардык айылдарга видеокамера орнотуу 9 айылга видеокамера орнотуу Эсепке алынды
16 Баардык  айылдарды  жашылдандыруу, арыктарды  тазалоо жашылдандыруу, арыктарды  тазалоо Эсепке алынды
17 Кашкелен айылына  соода түйүнүн ачуу Соода түйүнүн ачуу

 

Четке  кагылды
18  Кашкелен айылына  башталгыч мектеп   куруу

 

Ак-Бекет орто мектебине балдарды ташып  окутууда. Четке  кагылды
19 Кашкелен  айылындагы жолдордорун  асфальтоо Капиталдык оӊдоо, асфальттоо Эсепке алынды
20 Кашкелен айылындагы кичи  цехтерди  куруу (швея)

 

Цех курууга  жаштар  тарабынан  проект жазылсын. Четке  кагылды
21 Кашкелен айылындагы сугат суу каналдарын, БСРди тазалоо, таза  суу  маселеси

 

сугат суу каналдарын, БСРди тазалоо Эсепке алынды
22 Кашкелен айылына бала бакча салынып  бүтсө, ички  жабдууларын  сатып  берүү

 

Бала бакча АРИС менен биргеликте салынып бүтсө жабдуулары  алынат Эсепке алынды
23 Кашкелен айылына күнөскана салуу

 

күнөскана салуу Четке  кагылды
24 Джел-Арык,Чолок  айылдарына таштанды  челектерин орнотуу Темирден контейнер орнотуу, бир айда бир элдердин үйүн кыдырып акыр чикир чыгарууну уюштуруу Эсепке алынды
25 Джел-Арык,Чолок  айылына ФАП куруу ФАП куруу боюнча проект жазуу Четке  кагылды
26 Жел-Арык айылындагы  таза сууга  резервуар  куруу таза сууга  резервуар  куруу Четке  кагылды
27 Жел-Арык айылындагы батышындагы Нац.парктын жеринин башын  ачып жаштарга үй курууга  бөлүп берсениздер

 

жаштарга үй курууга жер, жер адиске тапшырма берилди

 

Эсепке алынды
28 Джел-Арык айылындагы бала бакчага актовый зал  куруу

 

Бала бакчага актовый зал  куруу, жер адиске тапшырма берилди Эсепке алынды
29 Ак-Бекет  айылына мончо  куруу

 

мончо  куруу Четке  кагылды
30 Ак-Бекет  айылындагы  бала  бакчага  жаны корпус  салуу Бала бакчаны  эки тайпага кенейтүү Эсепке алынды
31 Ак-Бекет  айылындагы мектептин ички дараатканасын  ондоо

 

мектептин ички дараатканасын  ондоо Эсепке алынды
32 Ак-Бекет  айылындагы  жолдордуу асфальтоо Капиталдык ондоо Четке  кагылды
33 Ак-Бекет  айылындагы дыйкан  чарба, фермерлер  бара  турган  жолдорду  ондоо жана таза  суу  менен  камсыз  кылуу Погрузчик менен түрттүрүү, шагыл төшөө, таза суу 2021ж. каралган Эсепке алынды
34 Ак-Бекет  маданият үйүнө кондиционер 5даана, 21 терезеге жалюзи кондиционер 5даана, 21 терезеге жалюзи Четке  кагылды
35 Тогуз айылга чоӊ боз үй жасалгасы менен жасап бериниздер чоӊ боз үй жасалгасы менен Четке  кагылды
36 Ак-Бекет айылындагы  маданият  үйүнүн артындагы парктын  тегерегин  тосуу, сугат  суу  менен  камсыз  кылууга каражат Парк ачуу, жашылдандыруу Эсепке алынды
37 Кызыл-Октябрь орто  мектебине 10 компьютер, кичи класстарга 40 даана парта отургучу менен, ашканага идиш аяк, ашпозчуларга форма, класстарга китеп коюлучу 20 даана шкаф Компьютер, парта 2018ж. алынган Четке  кагылды
38 Кызыл-Октябрь айылына  спорт комплекс куруу Спорт комплекс

 

Эсепке алынды
39 Кызыл-Октябрь айылындагы балдар аянчасын  оӊдоо дагы кошумча  балдар ойногон  жабдууларды алуу.

 

Баардык айылдагы балдар аянчасын оӊдоо дагы кошумча  балдар ойногон  жабдууларды алуу Эсепке алынды
40 Жаны  үйлөнгөндөргө квартира  салып берүү Квартира салуу Четке  кагылды
41 Кызыл-Октябрь айылындагы таза суу түтүктөрүн жана  сугат суу каналдарын оӊдоо

 

таза суу түтүктөрүн жана  сугат суу каналдарын оӊдоо Эсепке алынды
42 Кызыл-Октябрь айылындагы Көл Жээги менен Султанов көчөсүнүн ортосунан жол ачуу Жол ачуу Эсепке алынды
43 Кызыл-Октябрь-Кемин маршруткасын жүргүзүү Маршрутка жүргүзүлдү Эсепке алынды
44 Ак-Оргөө көчөсүнө балдар аянчасын куруу Балдар аянчасын куруу Эсепке алынды
45 Кызыл-Октябрь айылындагы асфальт жолдордун жээгине лоток арыгын салуу Арыктарга лоток орнотуу Эсепке алынды
46 Мектептин  спорт  площадкаларын  ондоо

 

спорт  площадкаларын  ондоо Четке  кагылды
47 Ударник айылындагы Садовый көчөсүндөгү жолду кенейтүү, лотокторду орнотуу жолду кенейтүү Четке  кагылды
48 Ударник айылына таза суу жетпеген жерлерге киргизүү, суу сактагычты ондоо

 

таза суу жетпеген жерлерге киргизүү, суу сактагычты ондоо Четке  кагылды
49 Ударник айылына жол знактарын орнотуп берүү жол знактарын орнотуп берүү боюнча кат жазылсын Эсепке алынды
50 Ударник айылына склад катары 40 тонналык контейнер алып берүү контейнер алып берүү Эсепке алынды
51 Ударник айылындагы  трансформатордун тегерегин, мүрзөөнү  тосуу

 

трансформатордун тегерегин, мүрзөөнү  тосуу Четке  кагылды
52 Кызыл-Октябрь ФАПка жылытуу системасын киргизүү, стол, шкаф  сатып берүү, душ, ичине туалет, кир жууган машинка, беш айылга барганга күйүүчү май.

 

жылытуу системасын киргизүү,душ, туалет кир жууган машинка, беш айылга барганга күйүүчү май. Эсепке алынды
53 Кызыл-Октябрь жана Ак-Бекет мектептеринин актовый залына жумшак  отургучтарды сатып берүү.

 

жумшак  отургучтарды сатып берүү.

 

Эсепке алынды
54 Кызыл-Октябрь айылындагы Султанова Т. көчөсүндө таза суу чыкпай жатат жана арыктарга лоток салуу. таза суу учурдагы ондоолорду жүргүзүү Эсепке алынды
55 Кызыл-Октябрь айылына айыл өкмөтүнүн  имаратын  салуу. айыл өкмөтүнүн  имараты жоктугуна байланыштуу  имарат   салуу. Эсепке алынды
56 Кызыл-Октябрь айылындагы жолго чыгып кеткен сарайларды, навестерди жер адиси жана  Госрегистр менен биргеликте чечип берүү Жер адине тапшырма берүү

 

Эсепке алынды
57 Кызыл-Октябрь МТСке жер айдаганга ЮТО тракторун алып берүү ЮТО тракторун алып берүү, МТСтин бюджетинен каралсын Эсепке алынды
58 Кызыл-Октябрь айылындагы Шаповалова көчөсүн аягына чейин асфальтоо, балдар аянчасы, жер жемиштерди сатканга соода түйүнүн ачуу, суу түтүктөрүн ондоо, таштандыга бак орнотуу, парикмахер, бут кийим ондоочу жай, тигүүчү цехтерди ачуу, жалгыз бой кары адамдарга жардам берүү. Кийинки жылдын бюджетине каралсын Четке  кагылды

 

 

Башчы                                                                                                Т.А.Асанов

 

КЭБ башчысы                                                                                     Г.Ж.Мадиева

 

 

 

 

Добавить комментарий