Бириккен Кызыл-Октябрь айылдык кенешинин уюштуруу сессиясынын
№ 1 Т О К Т О М У
2024-жылдын 21-февралы. Кызыл-Октябрь а.
Бириккен Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду бекитүү тууралуу
“Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Жарлыгын , Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 Жарлыгы менен бекитилген пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жѳнүндѳ Убактылуу жобону жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бириккен Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө 2024-жылдын 21 — февралындагы № 1 протокол бекитилсин.
2. Бириккен Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин Мырзадаиров Бакыт шайланган төрагасы деп таанылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага Мырзадаиров Б