“Кызыл-Октябрь айыл аймагынын МИ ТЖК «Кызыл-Октябрь» кызматкерлерине жана Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине, Кызыл-Октябрь айыл кеңешинин жооптуу катчысына сый акы жөнүндө”

Т О К Т О М XXIX/3-17

 

26.07.2024-ж                                                                             Кызыл-Октябрь а.

 

Кызыл-Октябрь айыл аймагынын МИ ТЖК «Кызыл-Октябрь»   кызматкерлерине жана

Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине, Кызыл-Октябрь айыл кеңешинин

жооптуу катчысына сый акы жөнүндө

Эмгекти уюштурууну жакшыртуу, жумуш убактысын рационалдуу пайдалануу, эмгек жана өндүрүштүк дисциплинаны чыңдоо жана нормадан ашыкча аткарылышын эсепке алуу менен Кызыл-Октябрь айыл аймагынын МИ ТЖК «Кызыл-Октябрь»   кызматкерлеринин  жана Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн аппаратынын штаттык жана контрактык кызматкерлерине, Кызыл-Октябрь айыл кеңешинин жооптуу катчысына материалдык кызыгуусун жогорулатуу максатында Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. МИ ТЖК «Кызыл-Октябрь»   кызматкерлерине жана  Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн аппаратынын штаттык жана контрактык кызматкерлерине эмгектин жыйынтыгы боюнча сый акы берилсин. Өндүрүмдүүлүк, көрсөтүлүүчү кызматтардын сапаты, демилге жана жарандардын канааттануу деңгээли сыяктуу иштин натыйжалуулугун баалоо үчүн так жана айкын критерийлерди түзүлсүн.

2. Жетекчиликтин жана кызматкерлердин өкүлдөрүнөн комиссия түзүлсүн, ал комиссия кызматкерлердин ишинин жыйынтыгын карап чыгып жана сый акылардын өлчөмү боюнча чечим кабыл алынсын. Жетишилген натыйжаларга жараша сый акынын градациясын иштеп чыгарылсын.

3. Кызыл-Октябрь айыл кенешинин жооптуу катчысынын сый акысы, төраганын табельдин негизинде саналсын.

4. Сый акынын белгилүү бир жыштыкта ​​- экинчи жана үчүнчү квартал  менен төмөндөгү аталган баардык кызматкерлерге сыйлыктарды төлөөнү караштырууга тийиш.

5. Бул токтомду ишке ашырууга акча каражатын бөлүп берүү жагы Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Сулаймановго жана ФЭО башчысы Г.Мадиевага тапшырылсын

6.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Сулаймановко тапшырылсын.

 

 

Кеңешинин төрагасы                                                           Б.Мырзадаиров

Leave a Reply