“Кызыл-Октябрь айыл аймагына караштуу “Кызыл-Октябрь” Муниципалдык Ишканасынын жайыттарды башкаруу жана пайдалануу бөлүмүнүн 2024-жылга иш план мерчемдерин бекитүү жөнүндө”

Т О К Т О М XXIX/3-18

 

26.07.2024-ж                                                                             Кызыл-Октябрь а.

 

Кызыл-Октябрь айыл аймагына караштуу “Кызыл-Октябрь” Муниципалдык Ишканасынын  жайыттарды  башкаруу жана пайдалануу  бөлүмүнүн 2024-жылга иш план мерчемдерин бекитүү жөнүндө 

Кызыл-Октябрь айыл аймагына караштуу “Кызыл-Октябрь” Муниципалдык Ишканасынын  жайыттарды  башкаруу жана пайдалануу  бөлүмүнүн 2024-жылга иш планын  угуп жана  талкулап Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кызыл-Октябрь айыл аймагына караштуу “Кызыл-Октябрь” Муниципалдык ишканасынын жайыттарды башкаруу жана пайдалануу бөлүмүнүн 2024-жылга карата: Баардык жайыт жери -23262 га, анын ичинен пайдаланган жайыт жери 16500 миң га, пайдаланбаган жайыт жери-6762га.

2.Жайытка чыккан малдардын баасы төмөндөгүчө бекитилсин:

а) ИММ(ийри мүйүздүү мал) –баасы 100сом,Кызыл-Октябрь айыл аймагына караштуу эмес малдардын баасы  ИММ -130сом.

б) Кой,эчкилердики-20 сом,Кызыл-Октябрь айыл аймагына караштуу эмес кой,эчкилердики -30 сом.

в) Жылкы малына 100-сом, Кызыл-Октябрь айыл аймагына караштуу эмес жылкыныкы -130сом.

г) Жайыттарды мал жайудан башка максаттар үчүн пайдалануу 1сот-30 сом, жарнама жана коммерциялык багытында берилүүчү жерлер 1кв.м.-50сом. Байланыш  компаниялар ай сайын 10000(он мин)сом ар бир антена фидердик жабдууларын орноткон жерге.

3.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин мамлекеттик нормативдик укуктук акттар реестрлинде катталсын.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана аткаруу жагы Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Сулайманов Н.Ж. жана Муниципалдык ишкананын директору Талайбек уулу Бактыбекке милдеттерилсин.

 

Кеңешинин төрагасы                                                           Б.Мырзадаиров

Leave a Reply