“Саз-Булак айылындагы Проектируемая көчөсүнүн башкы планга түзөтүүлөрдү киргизүү жөнүндө”

Т О К Т О М XXIX/4-25

 

27.08.2024-ж                                                                             Кызыл-Октябрь а.

Саз-Булак айылындагы Проектируемая көчөсүнүн башкы планга түзөтүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

Токталиев Нарынбек Талиповичтин арызын карап чыгып, айылдын башкы планына ылайык өзүнүн менчик жер тилкеси аркылуу Саз-Булак  айылындагы Проектируемая көчөсү өткөнүнө байланыштуу, башкы планына өзгөртүү киргизүүнү өтүнөт. Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн жер жана турак-жай маселелери боюнча адиси көрсөтүлгөн тилкеге жана башкы планга ​​оңдоолорду киргизүү мүмкүндүгү тууралуу маалымат  бергенден кийин.    Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18 беренесинин 3-пунктунун, 4-пунктун, 76-беренесинин 1-пункту, 81 беренесин жетекчиликке алып Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы  

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кемин архитектурасынан Саз-Булак көчөсүнүн айылдын башкы планына оңдоолорду киргизүү  боюнча иштерин жүргүзсүн.

2. Бул токтом ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинен каттоодон өткөрүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөөнү Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Сулаймановко тапшырылсын.

 

 

 

Кеңешинин төрагасы                                                           Б.Мырзадаиров

Leave a Reply