“Материалдык жардам берүү жөнүндө”

Т О К Т О М I/3-12

 

30.01.2025-ж                                                                                                                   Кызыл-Октябрь а.

 

“Материалдык жардам берүү жөнүндө”

 

Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Дорожный айылынын тургуну Э.Садыковдун ден-соолугуна байланыштуу реабилитацияга жана машинаны оңдоп түзөөгө материалдык жардам берүү жөнүндө арызы менен таанышып, Кызыл-Октябрь  айылдык кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Садыков Э.Н. ден-соолугуна байланыштуу реабилитацияга материалдык жардам берүү боюнча жазган арызынын негизинде жергиликтүү бюджеттин эсебинен 50 000 (элүү миң) сом акча каражаты бөлүнсүн.

2. Социалдык-экономикалык  бөлүмүнүн башчысы Г.Ж.Мадиевага бөлүнгөн акча каражатын Э.Садыковдун банктагы атайын эсебине которуп берүү жагы тапшырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айыл окмот башчысы Н.Ж.Сулаймановго милдеттендирилсин.

 

 

Кеңешинин төрагасы                                                           А.Карамырзаев

Leave a Reply