Т О К Т О М №I/5-22
18.03.2025-ж Кызыл-Октябрь а.
“Кызыл-Октябрь айыл аймагынын социалдык жардам берүү жөнүндө” Жобону бекитүү жөнүндө
“Кызыл-Октябрь айыл аймагынын социалдык жардам берүү жѳнүндѳ” Жобону бекитип берүү тууралуу социалдык масалелер, билим берүү, маданият, саламаттыкты сактоо, жаштар, спорт жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы С.Масаитованын маалыматын угуп чыгып, Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин
Токтом кылат:
1.“Кызыл-Октябрь айыл аймагынын социалдык жардам берүү жѳнүндѳ” Жобо тиркемеге ылайык бекитилсин. (Тиркеме 1)
2.Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик–укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук, Регламент жана Этика боюнча комиссияна жана окмот башчысы Н.Ж.Сулаймановго жүктөлсүн.
Кеңешинин төрагасы А.Карамырзаев