Кызыл-Октябрь айыл аймагынын “Аксакалдар соту”, “Аялдар кеңеши” жана “Жаштар комитети” жөнүндө

Т О К Т О М I/5-24

 

18.03.2025-ж                                                                                                                                Кызыл-Октябрь а.

 

Кызыл-Октябрь айыл аймагынын “Аксакалдар соту”, “Аялдар кеңеши” жана “Жаштар комитети” жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-майындагы “Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жаштар менен иштөө боюнча өз ара аракеттенүүсүнүн типтүү тартиби жөнүндөгү” №225 жана 2021-жылдын 17-нобрындагы № 270 «2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында аялдар ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү боюнча программаны бекитүү жөнүндө”, 2023-жылдын 3-мартындагы №115 жана 2021-жылдын 15-ноябрындагы №258 “Аксакалдар соттору жонундо” токтомун ишке ашыруу максатында, Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин

 

Токтом кылат:

 

  1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына эки айлык мөөнөттө Кызыл-Октябрь айыл аймагынын “Аксакалдар соту”, “Аялдар кеңеши” жана “Жаштар комитетинин” типтүү регламенттерин иштеп чыгып, жергиликтүү кеңешке бекитүүгө сунушталсын.
  2. Аксакалдар сотунун, аялдар кеңешинин жана жаштар комитетинин саясатын түптөөгө жана ишке ашырууга түздөн-түз катышуусун камсыздоо максатында ар бир комитеттин төрагасы шайлансын жана өнүктүрүү багытында иш-аракеттерди жүргүзүү үчүн ар бир айылдын активдүү жарандарынан турган комитет мүчөлөрү дайындалсын.
  3. Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысына Кызыл-Октябрь айыл аймагынын “Аксакалдар соту”, “Аялдар кеңеши” жана “Жаштар комитетинин” ишине байланышкан бардык уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүнү камсыз кылуу жана усулдук жардам көрсөтүү боюнча иштерди жүргүзүү сунушталсын.
  4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы Н.Ж.Сулаймановго жүктөлсүн.

 

 

 Кеңешинин төрагасы                                                                                  А.Карамырзаев

Leave a Reply