Т О К Т О М №I/7-36
08.04.2025-ж Кызыл-Октябрь а.
“О.Новичихинанын жер участогуна укук токтотулганына байланыштуу муниципалдык менчикке өткөрүү жөнүндө”
Чүй областынын Кемин районунун прокуратурасынын 2025-жылдын 03-февралындагы №11/05-13-25 ченемдин укуктук актылардын бузулушун четтетүү жөнүндө талабынын негизинде Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 1999-жылдын 2-июну № 46 Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 62-беренесинин 3-п жана 4-п “жер участогунун менчик ээси же жерди пайдалануучу дүйнөдөн кайтканда, мурасчылар жок болсо” жана 4-п “жер участогунун менчик ээси же жерди пайдалануучу жер участогуна болгон укугунан ыктыярдуу баш тартканда” ылайык О.Новичихинага тиешелүү болгон Кызыл-Октябрь айылынын Шаповалова көчөсүнүн №19 дареги боюнча жайгашкан үй курулмасынын жана 183-контурунда жайгашкан 0,98 га жер тилкеси боюнча жер участогуна укук токтотулганына байланыштуу муниципалдык менчик өткөрүлсүн.
2.Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик–укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана аткаруу жагы Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Сулайманов Н.Ж. милдеттерилсин.
Кеңешинин төрагасы А.Карамырзаев