Бириккен Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду бекитүү тууралуу

Бириккен Кызыл-Октябрь айылдык кенешинин уюштуруу сессиясынын

 

1  Т О К Т О М У

 

2024-жылдын 21-февралы.                                                                                                                                 Кызыл-Октябрь а.

 

Бириккен Кызыл-Октябрь  айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду бекитүү тууралуу

              

                “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Жарлыгын , Кыргыз  Республикасынын  Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы  №24 Жарлыгы менен бекитилген пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жѳнүндѳ Убактылуу жобону жетекчиликке алып,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бириккен Кызыл-Октябрь  айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө 2024-жылдын 21 — февралындагы № 1 протокол бекитилсин.

2. Бириккен Кызыл-Октябрь  айыл аймагынын Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин Мырзадаиров Бакыт  шайланган төрагасы деп таанылсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

          Төрага                                                                                                                                                               Мырзадаиров Б

Добавить комментарий