“АТРдын жыйынтыгы боюнча Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн бош муниципалдык турак-жай эмес жайлар ижарага макулдук берүү жөнүндө”

 

Т О К Т О М XXIX/4-26

 

27.08.2024-ж                                                                             Кызыл-Октябрь а.

“АТРдын жыйынтыгы боюнча Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн бош муниципалдык турак-жай эмес жайлар

ижарага макулдук берүү жөнүндө”

      Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн жер жана турак-жай маселелери боюнча адисин угуп, талкуулап административдик-аймактык реформанын натыйжасында турак эмес жайлар бош калып, тигүү цехине ижарага арыз түшкөн боюнча  маалыматын  берип тигичүү цехке ижарага берүү  боюнча сунушун киргизген.

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 6-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн жер жана турак жай маселелери боюнча адиси жана жер комиссиясы аукцион аркылуу берүү үчүн тиешелүү документтерди даярдалынсын.

2. Бул токтом ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинен каттоодон өткөрүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөөнү Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Сулаймановко тапшырылсын.

 

 

 

Кеңешинин төрагасы                                                           Б.Мырзадаиров

Leave a Reply