“Бириккен Кызыл-Октябрь айыл аймагында Кызыл-Октябрь айылдык кеңештин төрагасын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө”

Т О К Т О М I/1-1

 

28.11.2024-ж                                                                             Кызыл-Октябрь а.

 

“Бириккен Кызыл-Октябрь  айыл   аймагында  Кызыл-Октябрь айылдык кеңештин төрагасын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө”

 

Эсептөө комиссиясынын №3-протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп,  Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

  1. Эсептөө комиссиясынын айылдык кеңештин төрагасын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2024-жылдын №3-протоколу бекитилсин.
  2. Карамырзаев Арашан Табылдыевич айылдык кеңештин төрагасы болуп шайлангандыгы таанылсын.
  3. Ушул токтомдун аткарылышын көзомөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

 

 

Кызыл-Октябрь  айылдык

кеңешинин төрагасы                                                          Карамырзаев А.Т.

Leave a Reply