“Чолок айылын ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана скважина казуу, ошондой эле “Апамдын каттамасы” соода түйүнүн көчүүрү жөнүндө”

Т О К Т О М XXIX/3-21

 

26.07.2024-ж                                                                             Кызыл-Октябрь а.

Чолок айылын ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана скважина казуу,

ошондой эле “Апамдын каттамасы” соода түйүнүн көчүүрү жөнүндө 

 Чолок айылын ичүүчү суу менен камсыз кылуу үчүн скважина казуу зарылдыгы тууралуу жер жана турак-жай маселелери боюнча адистин пикирин угуп, ошондой эле темир жол тилкесин бойлой жайгашкан «Апамдын каттамасы» 25 соода түйүндөрүнүн,  коомдук ажатканасынын, айылдын кире беришине жайгашкан түндүк-батыш тарабындагы намазкананы, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34 беренесин жетекчиликке алып Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы  

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кызыл-Октябрь айыл аймагынын башчысы айылдын тургундарын ичүүчү суу менен камсыз кылуу үчүн скважина казуу, ошондой эле коммерциялык көчмө объектилер 25 коомдук даараткана имараттары, намазкана көчүрүү боюнча иштерин жүргүзсүн.

2. «Кызыл-Октябрь» ЖК 900 чарчы метр жайыт жеринен скважина бургулоо үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө тиешелүү документтерди даярдасын.

3. Бул токтом ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинен каттоодон өткөрүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөөнү Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Сулаймановко тапшырылсын.

 

 

Кеңешинин төрагасы                                                           Б.Мырзадаиров

Leave a Reply