Т О К Т О М №XXIX/1-09
07.05.2024-ж Кызыл-Октябрь а.
“Кызыл-Октябрь айыл аймагында жайгашкан мектепке чейинки билим берүү мекемелесиндеги тарбияланып жаткан балдардын бир айлык ата-энелер төлөчү төлөмүн өзгөртүү жөнүндө”
Кызыл-Октябрь айыл аймагына караштуу Жаны-Алыш айылынын К.Бегалиев атындагы мектепке чейинки билим берүү мекемесиндеги тарбияланып жаткан балдардын тамак-ашын жакшыртуу максатында жана бүгүнкү күндө тамаш-аш продукциясынын кымбатташына байланыштуу Жаны-Алыш бала бакчасынын директору Шакеева А.К. катын окуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123-мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 1-2-пунктчасына жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жөнүндөгү 2023-жылдын 11-августундагы №179-мыйзамынын 28-беренесинин 4-пунктунун 2- пунктуна ылайык, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кызыл-Октябрь айыл аймагына караштуу Жаны-Алыш айылынын мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги тарбияланып жаткан балдардын бир айлык ата-энелер төлөчү төлөмү 1000 сомго бекитилсин.
- Кызыл-Октябрь айыл аймагына караштуу Жаны-Алыш айылынын К.Бегалиев атындагы мектепке чейинки билим берүү мекемесинин директору Шакеева А.К. бир айлык ата-энелер төлөчү төлөмдүн өзгөрүүшү жөнүндө ата-энелерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Сулаймановко тапшырылсын.
Кеңешинин төрагасы Б.Мырзадаиров