Т О К Т О М №I/5-24
18.03.2025-ж Кызыл-Октябрь а.
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын “Аксакалдар соту”, “Аялдар кеңеши” жана “Жаштар комитети” жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-майындагы “Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жаштар менен иштөө боюнча өз ара аракеттенүүсүнүн типтүү тартиби жөнүндөгү” №225 жана 2021-жылдын 17-нобрындагы № 270 «2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында аялдар ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү боюнча программаны бекитүү жөнүндө”, 2023-жылдын 3-мартындагы №115 жана 2021-жылдын 15-ноябрындагы №258 “Аксакалдар соттору жонундо” токтомун ишке ашыруу максатында, Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин
Токтом кылат:
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына эки айлык мөөнөттө Кызыл-Октябрь айыл аймагынын “Аксакалдар соту”, “Аялдар кеңеши” жана “Жаштар комитетинин” типтүү регламенттерин иштеп чыгып, жергиликтүү кеңешке бекитүүгө сунушталсын.
- Аксакалдар сотунун, аялдар кеңешинин жана жаштар комитетинин саясатын түптөөгө жана ишке ашырууга түздөн-түз катышуусун камсыздоо максатында ар бир комитеттин төрагасы шайлансын жана өнүктүрүү багытында иш-аракеттерди жүргүзүү үчүн ар бир айылдын активдүү жарандарынан турган комитет мүчөлөрү дайындалсын.
- Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысына Кызыл-Октябрь айыл аймагынын “Аксакалдар соту”, “Аялдар кеңеши” жана “Жаштар комитетинин” ишине байланышкан бардык уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүнү камсыз кылуу жана усулдук жардам көрсөтүү боюнча иштерди жүргүзүү сунушталсын.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы Н.Ж.Сулаймановго жүктөлсүн.
Кеңешинин төрагасы А.Карамырзаев