“Кызыл-Октябрь айыл аймагынын балдар үчүн коопсуз оюн аянтчасын салуу жөнүндө”

Т О К Т О М I/7-34

 08.04.2025-ж                                                                             Кызыл-Октябрь а.

 “Кызыл-Октябрь айыл аймагынын балдар үчүн коопсуз оюн аянтчасын салуу жөнүндө”

      Мамлекеттик сатып алуулар боюнча жетектөөчү адис А.Бейшеналиевдин маалыматын угуп, талкуулап, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын  Ак-Бекет айылына балдар жана алардын ата-энелери бош убактысынын бир топ убактысын өткөрүү муктаждыктарын чечүүдөгү артыкчылыктуу долбоорлорду карап чыгып, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы

 ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кызыл-Октябрь айыл өкмөт башчысы Н.Сулайманов бул долбоорду ишке ашырууга каржылык каражаттарды таап, бөлүп берүү боюнча чараларды көрүлсүн. Тактап айтканда, заманбап балдар аянтчасы, балдардын физикалык жактан өнүгүшүнө өбөлгө түзүү, алардын интеллектине оң таасирин тийгизип, өз мүмкүнчүлүктөрүн таанып билүүгө жана өсүп келаткан муун үчүн ойноп, убактысын жигердүү жана пайдалуу өткөрүүгө долбоорлоо, куруу жана реконструкциялоо боюнча зарыл уюштуруу-укуктук иш-чараларды жүргүзүү, системаны жакшыртууну камсыз кылуу, иш-аракетери айыл өкмөтүнүн аппаратына жүктөлсүн.

2.Айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бюджетинде акча каражаты жетишсиз болсо, Чүй обласынын өнүктүрүү фондунан бул долбоорлорду каржылоо жагы суралсын.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Сулаймановко тапшырылсын.

 

 

 

 

Кеңешинин төрагасы                                                  А.Карамырзаев

Leave a Reply