“Кызыл-Октябрь айыл Кеңешинин Регламентин бекитүү жөнүндө”

 

Т О К Т О М I/2-6

 19.12.2024-ж                                                                                                                                             Кызыл-Октябрь а.

 Кызыл-Октябрь айыл Кеңешинин Регламентин бекитүү жөнүндө”

     Кыргыз Республикасынын  «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө»мыйзамынын  31-беренесинин 11-пунктун таянып  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат  жана  жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча  мамлекеттик агенттигинин 2024-жылынын 06-декабрындагы № 01-25/330 буйругу менен бекитилген Айылдык Кенештин типтүү регламентинин негизинде Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык Кенешинин регламенти бекитилсин.

            2.Зарылдыкка жараша регламентке өзгөртүү киргизүү жөнүндө чечим айылдык кенештин депутаттарынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынсын.

           3.Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык Кенешинин регламенти бекитилген күндөн таптып күчүнө кирсин жана Кызыл-Октябрь айылдык кенеши регламентке ылайык иш алып барсын.

  1. Кызыл-Октябрь айылдык кенешинин   регламентине ылайык иш алып баруу жагын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

 

 

Кеңешинин төрагасы                                                           А.Карамырзаев

Leave a Reply