Т О К Т О М №XXIX/1-8
07.05.2024-ж Кызыл-Октябрь а.
“Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата жергиликтүү бюджетинин киреше-чыгаша бөлүгү боюнча 2024-жылдын 31-январындагы №29/27-92 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө”
Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата жергиликтүү бюджетинин киреше-чыгаша бөлүгү жана 2025-2026 жылдардын жергиликтүү бюджетинин долбоору боюнча 2024-жылдын 31-январындагы №29/27-92 токтомуна өзгөртүү киргизүү, 2022-жылдын 01-августундагы №266 Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын 4 беренесинин негизинде айыл өкмөтүнүн ишин астыга жылдыруу максатында, эки кварталга аппарат кызматкерлерине бир айлык маянасынын өлчөмүндө түрткү берүүчү сый акы, бир жылдык сый акы 677,3 миң сомду талкулап Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн аппаратына 2024-жылга бюджетик долбоордо каралган 677,3 миң сом сый акы жокко чыгарылсын.
- Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бюджетик долбоордо каралган 677,3 миң сом приоритеттүү деп табылган статьяларга жумшалсын.
- Акча каражатын башка статья жылдыруу жагы Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Сулаймановко тапшырылсын.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Сулаймановко тапшырылсын.
Кеңешинин төрагасы Б.Мырзадаиров