«Кызыл-Октябрь айыл ѳкмөтүнүн 2025-жылга карата жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүн, 2026-2027 жылдардын жергиликтүү бюджетинин долбоорун бекитүү жөнундө».

ТОКТОМ

 2025- жыл 30-январь  № 1/3-15                                                                                       Кызыл-Октябрь  айылы.

 

«Кызыл-Октябрь  айыл ѳкмөтүнүн  2025-жылга карата жергиликтүү  бюджеттин  киреше жана  чыгаша  бөлүгүн,  2026-2027 жылдардын жергиликтүү бюджетинин долбоорун бекитүү жөнундө».

            Кызыл-Октябрь айыл ѳкмөтүнүн  2025-жылга карата жергиликтүү бюджетинин киреше, чыгаша бөлүгү жана  2026-2027 жылдардын жергиликтүү бюджетинин долбоору боюнча бюджеттик комиссиянын корутундусун жана Кызыл-Октябрь айыл ѳкмѳтүнүн СЭБ-нүн башчысы Г.Мадиеванын маалыматтары менен таанышып, талкуулап  Кызыл-Октябрь  айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

Кызыл-Октябрь  айыл ѳкмѳтүнүн 2025-жылга карата бюджеттин  киреше  жана  чыгашалар  бѳлүмү:

  1. Кызыл-Октябрь айыл  өкмѳтүнүн 2025-жылга карата бюджеттин киреше бѳлүгү

117743,6  миң сом бекитилсин.

( Тиркеме № 1) тиркелет.

 

Жергиликтүү каражат. Атайын каражат. Бардыгы:
113783,6 3960,0 мин сом 117743,6  мин сом.

 

 

  1. Кызыл-Октябрь айыл ѳкмөтүнүн 2025-жылга карата бюджеттин чыгаша бөлүгү 117743,6 мин сом бекитилсин.

( Тиркеме № 2-3) тиркелет.

к/с Бөлүмдүнаталышы Жергиликтүү каражат.(мин сом) Атайын каражат. Бардыгы:

(мин сом)

1 Аппарат 18849,2   18849,2
2 ӨК 610,0   610,0
3 Айыл чарбасы. 490,4   490,4
4 Турак жай жана коммуналдык кызмат 60473,0   60473,0
5 Китепкана 1466,9   1466,9
6 Клуб 8379,3   8379,3
7 Спорткомплекс 959,4   959,4
  Бардыгы маданият бөлүмү. 10805,6   10805,6
8 Орто мектеп 13564,7   13564,7
9 Бала бакча 5312,7 3960,0 9272,7
  Бардыгы билим берүү бөлүмү: 18877,4 3960,0 22837,4
10 Соц.коргоо бөлүмү: 3678,0   3678,0
  Жалпысы: 113783,6 3960,0 117743,6

 

  1. Кызыл-Октябрь айыл өкмөтү  боюнча 2026 -жылга карата бюджеттин киреше бөлүгүнүн долбоору  123022,3  мин сом өлчөмүндө  бекитилсин.

( Тиркеме № 4) тиркелет.

 

Жергиликтүү каражат. Атайын каражат. Бардыгы:
119062,3  мин сом 3960,0 мин сом 123022,3  мин сом

 

  1. Кызыл-Октябрь айылөкмөтүбоюнча 2026 -жылга карата бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн долбоору 123022,3  мин сом өлчөмүндө бекитилсин.

( Тиркеме № 5) тиркелет.

 

к/с Бөлүмдүнаталышы Жергиликтүү каражат.(мин сом) Атайын каражат. Бардыгы:

(мин сом)

1 Аппарат 22845,2   22845,2
2 ӨК 612,4   612,4
3 Айыл чарбасы. 490,4   490,4
4 Турак жай жана коммуналдык кызмат 20946,5   20946,5
5 Китепкана 1366,9   1366,9
6 Клуб 7188,4   7188,4
7 Спорткомплекс 962,4   962,4
  Бардыгы маданият бөлүмү. 9517,7   9517,7
8 Орто мектеп 22074,4   22074,4
9 Бала бакча 39097,7 3960,0 43057,7
  Бардыгы билим берүү бөлүмү: 61172,1 3960,0 65132,1
10 Соц.коргоо бөлүмү: 3478,0   3478,0
  Жалпысы: 119062,3 3960,0 123022,3

 

  1. Кызыл-Октябрь айыл өкмөтү боюнча 2027- жылга карата бюджеттин киреше бөлүгүнүн долбоору  130210,3 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.

 

( Тиркеме № 6) тиркелет.

Жергиликтүү каражат. Атайын каражат. Бардыгы:
126250,3 мин сом. 3960,0 мин сом 130210,3 мин сом.

 

  1. Кызыл-Октябрь айыл өкмөтү боюнча 2027 –жылга карата бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн долбоору  130210,3  мин сом өлчөмүндө бекитилсин.

( Тиркеме № 7 )тиркелет.

 

к/с Бөлүмдүнаталышы Жергиликтүү каражат.(мин сом) Атайын каражат. Бардыгы:

(мин сом)

1 Аппарат 19348,8   19348,8
2 ӨК 616,0   616,0
3 Айыл чарбасы. 490,4   490,4
4 Турак жай жана коммуналдык кызмат 15090,6   15090,6
5 Китепкана 1366,9   1366,9
6 Клуб 4019,5   4019,5
7 Спорткомплекс 3505,4   3505,4
  Бардыгы маданият бөлүмү. 8891,8   8891,8
8 Орто мектеп 44796,3   44916,3
9 Бала бакча 7551,9 3960,0 11511,9
  Бардыгы билим берүү бөлүмү: 52348,2 3960,0 56308,2
10 Соц.коргоо бөлүмү: 29464,5   29464,5
  Жалпысы: 126250,3 3960,0 130210,3

 

  1. Аткаруу жана мыйзам чыгаруу органдары бөлүмүнүн негизги штаттык бирдик жалпысы 12 бирдик, анын ичинен 9 негизги кызматкерлер,бир жылдык эмгек акы 4969,8  мин сом, ал эми кенже кызматкерлер  3 штаттык бирдик, бир жылдык эмгек акы 920,6  мин сом жалпысы 5890,4 мин сом өлчөмүндө бекитилсин. 2022-жылдын 1-августундагы  ПЖ № 266 Кыргыз Республикасынын Презитентинин  Жарлыгынын 4 беренесинин негизинде айыл өкмөттүн ишин астыга жылдыруу максатында, эки кварталга аппарат кызматкерлерине бир айлык маянасынын өлчөмүндө түрткү берүүчү сый акы каралсын, бир жылдык сый акы  521,4 мин сомду түзөт.

Жергиликтүү кенештин жооптуу катчысынын бир жылдык эмгек акысы 633,7 миң сом, жергиликтүү кенештин ишин астыга жылдыруу максатында, эки кварталга  бир айлык маянасынын өлчөмүндө түрткү берүүчү сый акы каралсын, бир жылдык сый акы  53,6 мин сомду түзөт.

Контрактык негизде 5 кызматкер, бир жылдык эмгек акы 2551,3 миң сом, ал эми  экономист-статист кызматкеринин бир  жылдык эмгек маянасы 573,1 мин сомду тузөт, анын ичинен 313,8 миң сом   акча каражаты Республикалык бюджеттен каржыланат, 259,3 миң сом жергиликтүү бюджеттен каржылансын.

 

  1. Кызыл-Октябрь  айыл өкмөтунө  эмгек келишимдин негизинде төмөндөгүдөй

кызмат орундар жана эмгек акы каралсын.

 

  • Ветеринар, мал чарба боюнча адис, бир жылдык эмгек акы-406,6 миң сом
  • Инвестиция тартып келүү жана пресс секретарь боюнча адис  бир жылдык  эмгек акы-372,7 мин сом.
  • Мамлекеттик сатып алуу боюнча адис бир жылдык эмгек  акы-422,1 мин сом.
  • Ар кандай жумуштарга смета түзүү боюнча адис, бир жылдык эмгек акы-433,4 миң сом.
  • Аткарылган жумушту текшерген технадзор бир жылдык эмгек акы-406,6 миң сом
  • Юрист бир жылдык эмгек акы-372,7 миң сом
  • Айыл өкмөтүнүн имаратын кайтарууга кароолчу, бир жылдык эмгек акы-148,6 миң сом
  • Айыл өкмөтүнүн имаратына от жагуу мезгилинде 2 от жагуучуга-148,6 миң сом
  • Жаңы-Алыш айылындагы кичи футбол аянчасынын кароолчусу-84,4 миң сом
  • Жаңы-Алыш айылындагы маданият үйүнө от жагуу мезгилинде от жагуучуга-86,6 миң сом
  • Спорткомплекске машыктыруучуга жана кароолчуга, 10 айга эмгек акы-358,3 мин сом.
  • Айдоочу Кызыл-Октябрь  айыл аймагындагы балдарды  бала  бакчага, мектепке ташуу үчүн  2  микро автоо унаасына жана автобустун айдоочусуна бир  жылдык эмгек акы -1055,3 миң сом.

Жалпы акча каражат  4295,9  миң сом

 

  1. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамынын 39 беренесинин жана Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн жамааттык келишимдин негизинде Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн муниципалдык жана эмгек келишими менен иштеген кызматкерлерине бир жылда бир жолу коммуналдык чыгымдар үчүн бир кызматкерге 6000 сомдон, жалпысы 126,0 мин сом компенсация бекитилсин. (тизмеси тиркелет).
  2. Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн резервдик фонду 1165,7 мин сом өлчөмундө бекитилсин.
  3. 2024-жылдын 31-январындагы Тынчтык келишимдин негизинде Жаңы-Алыш айылындагы “Изатбек” СПАнын ссудасын, процент жана штрафтары менен төлөөгө 1073,3 миң сом каралсын, экинчи этабы менен 1104,6 миң сом үнөмдөлгөн  каражаттардын  эсебинен   жылдырылып  2025-жылдын 15-декабрына  чейин төлөнсүн.
  4. Озгөчө кырдаалдарга жана күйүүчү майга 590,0 миң сом каралсын.
  5. Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу маданият кызматкерлеринин 2025 –жылга карата бюджетинин штаттык тизимине жалпысы 23 штаттык бирдик, анын ичинен 12 негизги кызматкерлер, бир жылдык эмгекакы 2742,1 мин сом, ал эми кенже кызматкерлер 11 штаттык бирдик ,бир жылдык эмгек акы 1089,6 мин сом, жалпысы 3831,7 мин сом өлчөмундө бекитилсин.
  6. Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу маданият кызматкерлерине бир жылда бир жолу коммуналдык чыгымдар үчүн бир кызматкерге 6000 сомдон, жалпысы 126,0 мин сом компенсация бекитилсин. (тизмеси тиркелет).
  7. Ак-Бекет айылындагы маданият үйүнүн көрү залынын жана  жылытуу системасынын ремонтуна 4470,3 миң сом каралсын.
  8. 2020-жылдын 10-июль №76 Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» мыйзамдын 11-беренесиндеги, жайыт пайдалануу үчүн каражаттарды пайдалануу тууралу. «Жайыт жерлерин пайдалануу үчүн каражаттар жергиликтүү бюджетке түшөт, жайыттарды  жана жайыт инфраструктурасын жакшыртуу үчүн колдонулат. Жайыт комитетинин  2025 –жылга карата бюджетинин бардык киреше-чыгашалары 490,4 мин сомго бекитилсин. Жайыт комитети Кызыл-Октябрь муниципалдык ишканасына кошулгандыгына байланыштуу айыл өкмөтүнүн эсеп счетуна түшкөн каражаттары 100% муниципалдык ишкананын эсеп счетуна которулуп берилсин.
  9. «Кызыл-Октябрь» муниципалдык ишканасына субсидия катары  жергиликтүү  бюджеттен 10,0  (Он миллион)  сом  бөлүнсүн.
  10. Кызыл-Октябрь айыл аймагына караштуу айылдардын ички жолдорун асфальттоого жалпы 47836,8 миң сом, Дорожное айылындагы Ынтымак көчөсүнө таза суу киргизүүгө 1358,1 миң сом каралсын.
  11. Кызыл-Октябрь айыл аймагына караштуу бала бакчаларга бюджеттик 55 (элүү беш) орун 1500 сомдон  11айга  907,5  миң сом өлчөмундө бекитилсин. Ар бир балага бир күнгө 18сомдон тамакка жергиликтүү бюджеттен  2025-жылдын январь айы үчүн төлөнсүн, 2025-жылдын 1-февралынан баштап  бала бакчанын  тамак-ашына  ата-энелер тарабынан каржыланат. Бала  бакчанын  атайын  эсеп счетунан  тамак  ашка 3960,0 мин сом бекитилсин.
  12. Мугалимдерге, бала бакчанын тарбиячыларына жана кенже кызматкерлерге «мугалимдердин статусу жөнүндө» мыйзамынын жана үч тараптуу келишимдин негизинде бир жылда бир жолу коммуналдык чыгымдар үчүн бир кызматкерге 6000 сомдон, жалпысы 1344,0  мин сом бекитилсин.(тизмеси тиркелет)
  13. «КР мектептеги тамак ашты оптималдаштыруу программасынын алкагынын» негизинде айыл өкмөттөн тамак ашка кошумча 1-4 класстын окуучуларына бир күнгө 6 сомдон төлөнсүн, балдарга жайкы эс алуу лагерин уюштурууга бир маал ысык тамакка бир балага 80 сомдон бекитилсин. Андан тышкары мектептерди байытылган ун менен камсыз кылынсын. (Эсеби тиркелет).
  14. Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу 10 айылдан мектепке окуучуларды жана бала бакчаларга  балдарды  ташууга  күйүүчү майга 1058,4 миң сом бөлүнсүн. (Эсеби тиркелет).
  15. Кызыл-Октябрь, Жаңы-Алыш айылдарындагы мектептин тегерегин тосууга 4374,0 мин сом каралсын.
  16. Социалдык коргоо бөлүмүнө жалпы 3678,0 мин сом бөлүнсүн.   Кызыл-Октябрь айыл аймагына караштуу жакыр, аз камсыз, майыптарга жана көп балалууларга  150 (бир жүз элүү) үй-бүлөөгө кышка кам көрүү максатында 6000 сомдон компенсация каралсын, жалпысы 900,0 (тогуз жүз миң) сом бекитилсин. Ошондой эле  учурунда кыйналып ооруп жаткан жарандарга материалдык жардам берүүгө  бир жылга 600,0 (алты жүз миң) сом  бекитилсин.
  17. Тендерлерден үнөмдөлүп жана жыл ичинде колдонулбай калган каражаттарды, жыл ичинде  бюджетке каралбай  калган  абдан керектүү чыгымдарга жылдырылып колдонулсун.
  18. 2025–жылга карата Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн бекитилген бюджетинин так аткарылышы айыл өкмөт башчысы Н.Ж. Сулаймановго  жана  СЭБ бөлүмүнүн башчысы Г.Ж.Мадиевага  милдеттендирилсин.

 

 

Кызыл-Октябрь  айылдык  кеңешинин төрагасы:                                А.Т.Карамырзаев

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Leave a Reply