Т О К Т О М №XXIX/4-24
27.08.2024-ж Кызыл-Октябрь а.
“Жаны-Алыш айылындагы китепканан өнүктүүрүчү оюнчуктарды жана жаңы килем сатып алуу жөнүндө”
Китепканага болгон кызыгууну арттыруу жана балдарды көбүрөөк тартуу максатында Жаңы-Алыш айылынын китепканачысы балдарга 3 сааттык сабак ачуу демилгесин көтөрдү. Бул үчүн китепканачы Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин депутаттарына балдардын окуусуна жана коомдук активдүүлүгүнө өбөлгө боло турган окуу оюнчуктарын сатып алууга каражат бөлүп берүү өтүнүчү менен кайрылды. Мындан тышкары, китепкана мейкиндигинде ыңгайлуулукту камсыз кылуу үчүн килем окуу жана оюндар үчүн ыңгайлуу бурч катары кызмат кылуу сунушталды. Китепканачынын кайрылуусун угуп жана талкулап Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч сааттык сабакта окуган балдар үчүн окуу оюнчуктарын алууга 15 000 сом өлчөмүндө каражат бөлүнсүн.
2. Ыңгайлуулукту камсыз кылуу үчүн 1 даана өлчөмүндө жаңы килем сатып алынсын.
3. Бул токтомду ишке ашырууга акча каражатын бөлүп берүү жагы Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Сулаймановго жана ФЭО башчысы Г.Мадиевага тапшырылсын
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Сулаймановко тапшырылсын.
Кеңешинин төрагасы Б.Мырзадаиров